Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көмүргө, көөгө окшогон түс, өң. Кара жоолук. Кара көйнөк. Кара козу. 2. Ушул түстүн башка өң менен аралашкан, кошулган түрүн атоо үчүн колдонулат. Кара кочкул. Кара сур. Кара күрөң. Кара ала. Кара көк. Кара чаар. 3. Жалаң, башка эч нерсе аралашпаган, катышпаган, карандай. Кара кесек. Кара жарма. Кара суук. Кара шамал. 4. өт. Жазуу. Кара тааныбаган адам. 5. Адаты, ой-санаасы, адамга кылган мамилеси ж. б. жагынан терс мүнөздө экендигин көрсөтүүдө колдонулат. Кара көңүл. Кара ниет. Кара санатай. Кара бет. Ичи кара адам. Бирөөгө кара саноо. Пейли кара уулума бере албаймын атымды («Курманбек»). Кара жүрөк Канчоро, Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). 6. Өлүмгө байланыштуу түшүнүктөрдү атоодо колдонулат. Караны башка салынып, Карагымдын түшөт мээнети («Эл адабияты»). Кара аш. Кара тутуу. 7. Айыбы, күнөөсү бар, ак эмес. Азыркы заманда бирөөнү ак жеринен кара деп айта турган ким экен? («Ала-Тоо»). Карага иши айланды, Кастыгы жок кармады («Семетей»). 8. Кары жок, кар жатпай, карарып турган абал. Алайда быйылкыдай жер кара болчу эмес эле («Ала-Тоо»). Жер карада мал колду карабай, жайыттан оттойт («Ала-Тоо»). 9. Башкалардан өзгөчөлөнбөгөн, даражасы, мансабы жогору деп таанылбаган, жөнөкөй, карапайым кара калк. Кара дыйкан. Кара букара. 10. Эл, көпчүлүк масса. Калың кара жедигер Калбай кел деп чакырды («Сейтек»). 11. Кулдарды, күңдөрдү же башка бейбечараларды кемсинтүү, «кем» деп баалоо маанисинде айтылган эпитет. Кара кулдан тогузду, Кара күңдөн тогузду, Байгесине сайыптыр («Манас»).